Wildberries кеңсесиндеги атышуу: Владислав Бакальчук сурактан кийин үйүнө чыгарылды
19-сентябрда кармалган Wildberries компаниясын негиздөөчүлөрүнүн бири Владислав Бакальчук үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Бакальчук социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал Wildberries компаниясынын башкы кеңсесиндеги атышууга байланыштуу кармалган.
"Менде баары жакшы. Ушул оор мезгилде мен үчүн тынчсыздангандардын баарына ыраазычылык билдирем" деп жазган ал.
Эске салсак, Москванын борборундагы Wildberries кеңсесине кол салуу 18-сентябрда эртең менен болгон. Анын кесепетинен жети адам жабыркап, экөө каза болгон. Буга байланыштуу жалпысынан 33 адамга айып тагылганы, алардын арасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсүнүн күйөөсү Владислав Бакальчук дагы бар болгону айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.