Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Жапонияга утулуп калды

Кечээ, 22-сентябрда Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Жапония менен экинчи жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Анда оюн 2:1 эсебинде Жапониянын жеңиши менен аяктап, Кыргыз курмасынын жалгыз голунун автору Мухамед Аскарбеков болду.
Белгилей кетсек, оюн борбор калаадагы "Газпром" дене тарбия жана ден соолуктуу чыңдоо спорткомплексинде орун алды.
Эске салсак, биринчи беттеш атаандаштардын 4:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.