УКМК Бишкекте эки милиция кызматкерин кармады
Бишкекте эки милиция кызматкери калаа тургунун мыйзамсыз кармап, кыйноого алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май РИИБинин 5-шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Ж.у.К. жана А.Ы. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алар 18-сентябрда Э.Б. аттуу жаранды мыйзамсыз кармоо жана кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышты.
"Соттук-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгында Э.Б.га карата кыйноо колдонулган, бул дене жаракатынын издери менен далилденген. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.