super.kg logo

"14, 15 жаштагы балдар". Бишкектеги мопед маселеси кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүлдү (видео)

 

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектеги мопед маселеси кайрадан көтөрүлдү.

Анда депутат Элдар Сулайманов Бишкекте мопеддерди жаш балдар айдап, жол эрежесин бузуп жатышканын айтты.

"Шаардагы дагы бир чоң көйгөй бул – мопеддер. Кечээ эле жумуштан чыксам аянтта 20дай мопедчен балдар, кыздар чогулуп алышыптыр. Жаштары ашып кетсе 14, 15 жашта да. Ошолор шаарда топ-топ болуп эрежелерди бузуп, тыгын болгон жерде тротуарга же каршы тилкеге чыгып кетип жатат.

Муну жөнгө салбасак болбой калды. Жаныбыздагы кошуна өлкө эле жаңы мыйзам чыгарыптыр. Алар чыгарган мыйзамда мопеддердин каттоо күбөлүгү болушу керек экен. Ал эми айдоочулардын А1 деген категорияда айдоочулук күбөлүгү болушу керек экен. Ушул маселени карап чыксак. Күндө эле жаңылыктарда кырсыкты окуп жатабыз", - деди эл өкүлү.






Бишкектеги мопед маселеси кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: