Малайзияда эң чоң стадион кулатылды (видео)
Малайзиянын "Шах Алам" стадиону жаңы имаратка жол ачуу үчүн талкаланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Стадиондун талкаланганы тартылган видеону жергиликтүү маалымат каражаттары жарыялап, андан соң социалдык тармактарга тараган. Аренага 30 жыл болгондугу белгиленген.
Маалым болгондой, бул стадион 80 миң көрүүчүгө ылайыкталган дүйнөдөгү эң чоң стадиондордун бири. Бирок 2020-жылы анын дизайны кооптуу деп табылган. Малайзиянын өкмөтү анын ордуна бир жылдын ичинде жаңы 45 миң адам бата турган заманбап стадион курууну пландаштырууда.
Белгилей кетсек, курулуш 1990-жылдын 1-январында башталып, стадиондун расмий ачылышы 1994-жылы 16-июлда болгон.
25.09.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.