super.kg logo
  Спорт  

Футзал: ФИФА Франциянын Иранга күмөндүү утулушун териштире баштады

 

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) коңшу Өзбекстанда өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 3-турунун алкагында Франция менен Ирандын командаларынын беттешин иликтей баштады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Бул эки команданын оюнуна Ливия менен Парагвай арызданган. Бул командалардын арызында, Франция курамасы күчтүү командадан качуу үчүн, тагыраагы күчтүү делген Бразилия менен 1/8 финалда ойноп калбаш үчүн атайын утулуп бергени жазылган.

ФИФА бул арыздын негизинде териштирүүнү баштаган.

Бул жеңилүүдөн кийин Франция тайпада экинчи орунду ээлеп, 1/8 финалда Таиланд курамасы менен беттешет. Иран курамасы 1/8 финалда Мароккого каршы ойномой болду. Эгерде ирандыктар Мароккону жеңсе, чейрек финалда Бразилияга каршы ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: