super.kg logo

Билим берүү министрлиги Аксыдагы эки авариялык мектеп боюнча билдирүү жасады

 
Аксы районундагы Сары-Кашка айылында жайгашкан С. Жоробаев атындагы №65 жана А. Сулайманкулов атындагы №33 Торук жалпы орто билим берүү мектептери авариялык абалда. Бул туурасында бүгүн, 26-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бул эки мектеп менен жеринде министр Догдуркүл Кендирбаева таанышты.
"Министр мектеп жетекчилерине жана акимге мектеп имаратына аяр мамиле жасап, жоопкерчилик менен сактоого чакырды. Ошондой эле мектеп жамаатына билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр, жаңы чакырыктар, билим сапатын жогорулатуу боюнча маалымат берди", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, №65 мектеп 2003-жылы ашар жолу менен курулгандыктан, 2022-жылы ӨКМ авариялык абалда деген корутунду чыгарып берген. Ага карабастан бүгүнкү күнү 426 окуучу билим алып, 39 мугалим эмгектенет. Курулуштун сметасы 2025-жылга киргизилгендиги кошумчаланды.
Ал эми №33 мектептин биринчи корпусу Ульянов колхозу тарабынан 1990-жылы бала бакча катары курулган. Абалы канааттандырарлык. Экинчи корпусу 2002-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан ашар жолу менен салынып, 2021-жылы ӨКМ жарактан чыкканын айткан. Учурда 438 окуучу билим алып, 34 мугалим, 11 кенже кызматкер эмгектенүүдө. Бул имарат да сметага киргендиги маалыматта кошумчаланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: