super.kg logo
  Саясат  

Республикалык дүлөй балдар үчүн атайын жалпы орто билим берүү жатак-мектебине Жогорку Кеңештин атынан жаңы жылдык белектер берилди

 

Республикалык дүлөй балдар үчүн атайын жалпы орто билим берүү жатак-мектебине Жогорку Кеңештин атынан жаңы жылдык белектер берилди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ал жакка Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Роза Акназарова, Дастанбек Жумабеков, Наталья Никитенко жана төрага Асылбек Жээнбеков барып, балдарды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттукташты.   

Майрамды утурлай жатак-мектепке төраганын фондунан жалпы баасы 300 миң сомду түзгөн 20 керебет жана 20 шкаф берилди. Ошондой эле жатак-мектептин тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Аталган билим берүү мекемесинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 340 бала тарбияланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: