super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилди

 

Бүгүн, 28-декабрда  “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы "Кыргызстандын түндүгүндө электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет" деп маалымдады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын энергетикалык тутумунун түндүк-чыгыш бөлүгүндө, тагыраак айтканда, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында саат 06:00дөн 23:00гө чейин электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет. Мындай жагдай электр чубалгыларындагы аша жүктөлүүнү азайтуу максатында болуп жатат.

Эске сала кетсек, быйыл күзүндө өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Бирок кышында электр жарыгы өчпөйт" деп билдирген. Өкмөт башчы мындай билдирүүнү 2012-жылы да айткан эле. Ага карабай ал жылы да электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: