super.kg logo
  Саясат  

Президент 11 журналисттин иши боюнча пикирин айтты

 

Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" маалымат агенттигине кезектиги маеги жарыяланды. Анда өлкө башчысы массалык башаламандык чакырууга айыпталган 11 журналисттин иши боюнча пикирин билдирди.

"Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, болуп келген жана мындан ары да боло берет. Мен жогоруда айткандай социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикириң болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен сайрай бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Эл менен да, ММКлар менен да эриш-аркак иштешкенге даярбыз жана ачыкпыз. Ал эми «11 журналист» дегениң боюнча. Алардын экөөсү гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтуругузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат. Дагы бир жолу кайталайм. Жалган жана элди дүрбөлөңгө чакырган маалыматтар сөз эркиндигине жатпайт" деди Жапаров.

Эске салсак, ушул жылдын 16-январында "Темиров Live" редакциясынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өздөрү кармалган. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийинчерээк алардын жетөөсү ар кандай жагдайда үй камагына чыгарылган жана эч жакка кетпөө тууралуу тилкаты менен бошотулган. Учурда тергөө абагында төрт журналист – Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева отурат.

11 журналисттин иши Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жатат. 3-октябрда аларга карата чечим чыгышы күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: