super.kg logo

Түркия "Хезболланын" лидеринин өлтүрүлүшүн айыптады

 

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш "Хезболла" кыймылынын баш катчысы Хасан Насралланын Израил күчтөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу түрк басылмалары жазды.

Куртулмуш бул окуяны "Бир гана Палестина элине эмес, аймактын бардык элдерине каршы көп жылдык басып алуу, жок кылуу жана аннексиялоо саясатынын каргашалуу натыйжасы" деп мүнөздөдү.

Түрк парламентинин спикери ошондой эле Израилдин"геноцидге барабар болгон" кылмыштары үчүн жазасыз калышы бүткүл аймактын келечегине коркунуч туудурарын белгиледи. Ал Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылын колдой турганын билдирип, ал "Палестина элинин көз карандысыздыкка умтулуусу ишке ашмайынча улана берет" деди.

Куртулмуш сөзүн Ливан элине жана "Палестинанын бардык досторуна" көңүл айтуу менен Насралланын жана "Палестина үчүн жанын берген бардык шейиттердин" элесин эскерүү менен жыйынтыктаган.

27-сентябрда Израиль армиясы Ливандын "Хезболла" кыймылынын лидери Хасан Насралланы жок кылганын жар салган.

Маалым болгондой, ал Израилдин аба күчтөрүнүн Бейрутка жасаган соккусунан набыт болгон. Сокку 27-сентябрдын кечинде аталган кыймылдын борбордук штабына жасалган. Ошол учурда "Хезболланын" жетекчилиги ал жерге чогулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: