super.kg logo

Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

 
Кыргызстандын маданият күндөрүн Орусияда өткөрүү боюнча жыйын өттү. Бул туурасында кечээ, 30-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министр Алтынбек Максутов катышкан.
"Жыйында Казань (Татарстан), Москва, Санкт-Петербург жана Беларустун Минск шаарларында Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилип, уюштуруу маселелерин чечүүдө министрлик ар тараптуу көмөк көрсөтүүсүн тапшырды", -деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 18-22-октябрь күндөрү Кыргызстандын маданият күндөрү Орусиянын бир катар шаарларында өтөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: