Ереванга барган Акылбек Жапаровду Армениянын вице-премьер-министринин орун басары тосуп алды




Бүгүн, 1-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Армениянын борбору Ереван шаарына барды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Звартноц эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин башчысын Армениянын вице-премьер-министринин орун басары Мгер Григорян тосуп алды.
Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат. Ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

