Бишкекте мас абалында Сот департаментинин кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн айдоочу кармалды
Бишкек шаарынын кайгуул кызматы 1-октябрда мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталганын билдирди.
Ага ылайык, Ч.Айтматов проспектиси менен Түштүк магистраль кесилишинде Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
"Инспекторлор айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жатат деген шек менен токтотушкан. Анда айдоочу Сот департаментинин кызматкери деген күбөлүгүн көрсөткөн. Ал Наркологияга жеткирилип, мас экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Мирлан Таалайбековдун айтымында, айдоочу Сот департаментинин кызматкери А.К. болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.