super.kg logo
  Саясат  

Транспорт министрлиги 11 ай ичинде бланкаларды даярдоо жана лицензия берүүдөн бюджетке 89,66 миллион сом которгон

 
КРнын Транспорт жана коммуникация министрлиги 2013-жылы 11 ай ичинде бланкаларды даярдоо жана лицензия берүүдөн республикалык бюджетке 89 миллион 668,8 миң сом которгон. Бул маалымат аталган мекеменин 11 ай ичинде аткарган ишинин жыйынтыгында көрсөтүлгөн. 
Түшкөн каражат 2012-жылдын 11 айына салыштырмалуу 112,6 пайызга көп жана 9 миллион 759,9 миң сомго көп чогулган. 
Маалыматта республиканын транспорттук тармагын жакшыртуу үчүн чет өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган. Ошондой эле унааларды ташуу боюнча уруксат берүүчү бланка өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык берилип жатканы көрсөтүлгөн. 
Мындан сырткары бланкалар мурун фирмаларга гана берилсе, азыр жеке айдоочуга берилгени да  жазылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: