super.kg logo
  Саясат  

Эрлан Абдылдаев, министр: “Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып бара жатканын көрүүгө болот”

 
КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 30-декабрдагы маалымат жыйынында “чек ара жана өткөрүү бекеттериндеги маселелер боюнча Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып бара жатканын көрүүгө болот” деп билдирди. 
Анын айтымында, көп жылдан бери ишке ашпай келген эки өлкөнүн чек ара кызматы жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилеринин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 
“Албетте, кээ бир маселелерде пикир, көз караштарыбыз дал келбей жатты. Бирок сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аянтын жана механизмин түзүү биз үчүн маанилүү болду. Чек ара аймагында жашаган карапайым калк үчүн сырткы саясатыбызды тургузууну көздөп жатабыз”,- деди министр.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: