"Качкын" кыргыз тасмасы эл аралык кинофестивалда "Мыкты тасма" номанициясы үчүн ат салышууда



“Качкын” кыргыз тасмасынын чыгармачылык тобу Пусан эл аралык кинофестивалынын кызыл килеминен өттү. Бул туурасында бүгүн, 3-октябрда Маданият министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чаранын ачылышы кечээ, 2-октябрда орун алып, ага режиссёр жана сценарист Дастан Жапар, продюсерлер Сүйүм Сулайманова, Искендер Эмилбаев, башкы актёрлор Абылай Маратов менен Мээрим Атантаева катышкан.
"Качкын» тасмасы «Мыкты тасма» номанициясын алуу үчүн ат салышууда. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 4-октябрь күнү болмокчу", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: аталган эл аралык кинофестиваль 1996-жылдан бери Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келет. Ал Азиядагы абройлуу кинофестивалдын бири. Быйыл уюштурулуп жаткан иш-чара 11-октябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.