super.kg logo

Жасалма күбөлүк, 41,2 миллион сом... Чүйдө алдамчылык менен шугулдангандар кармалды

 

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 32 жана 57 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде милицияга 34 жаштагы жаран 2 адамдын үстүнөн арыз менен кайрылган. Анын айтымында, алар былтыр март айында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жер тилкесин көрсөтүшүп, ал жерге көп кабаттуу үй курууга макулдашышкан. Бир айдан кийин 2 шектүү ага мамлекеттик кызматта иштээрин айтышып, жер тилкесине тиешелүү документтерди бүтүрүүгө жардамдашабыз деген убадасы менен анын кымбат баалуу унааларына ишеним кат жаздырып алышкан. Бирок алар убадасына турушпастан изин жашырышкан.

Ошондой эле милицияга алардын үстүнөн дагы бир жаран арыз менен кайрылып, 380 миң долларын алдатып ийгенин айткан. Натыйжада жабырлануучулар жалпы 41 миллион 277 миң 310 сом материалдык зыян тартышкан.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. жана 1967-жылы туулган Б.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Кармалгандардын унаасын тинтүү учурунда А.А.нын атына жазылган УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү табылган.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: