super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев ЖКнын төрагасы, өкмөт башчы жана Жогорку Соттун төрайымы менен жолугушууда 2014-жылы коррупцияга каршы күрөштү улантуу зарылчылыгын айтты

 
Бүгүн, 30-декабрда Алмазбек Атамбаев КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент жана жогорку мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот мамлекеттик бийлик бутактарынын жетекчилери  узап бара жаткан 2013-жылдын негизги жыйынтыктарын талкуулашып, бул жыл өлкөбүз үчүн жалпысынан жакшы жыл болгондугун белгилешти. 
Алмазбек Атамбаев жакынкы беш жылга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын бекитилиши экономикалык өнүгүүгө, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте топтолгон проблемаларды чечүүгө олуттуу негиз түзгөндүгүн белгиледи.

“Алгачкы 5 миллиард доллар инвестиция тууралуу макулдашууларга жетиштик. Кыргызстандын энергетикалык жана транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ири долбоорлор ишке ашырыла баштады. Биз тандап алган жолубуз менен ырааттуу жана ишенимдүү бара жатабыз, экономикасы өнүккөн чыныгы демократиялуу жана эгемендүү өлкө куруп жатабыз”,- деди өлкө башчы.

Мындан сырткары 2014-жылы коррупцияга каршы күрөштү улантуу зарылчылыгы тууралуу айтты.

Президент Алмазбек Атамбаев бийликтин үч бутагынын жетекчилерин Жаңы жылы менен куттуктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: