super.kg logo
  Спорт  

Ошто оңдоп-түзөөдөн өткөн Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун ачылышы болду (сүрөт)

 

Бүгүн, 5-октябрда Оштогу толугу менен реконструкцияланган Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалым болгондой, ачылыш азем Ош шаарынын 3024-жылдыгына арналып, ал калаа тургундары үчүн атайын шоу-программа менен коштолду.

"Аталган стадион 1961-жылы курулган жана алгачкы жолу толук оңдоп түзөөдөн өттү. Реконструкция алкагында стадиондо чатырлар орнотулуп, трибуналардын үстү жабылды. Ал эми оюн талаасы гибриддик болуп жаңыланып, автоматтык суугаруу системасы орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, стадион эми бардык эл аралык талаптарга ылайыкталды. Жаңы орнотулган стадиондун заманбап жарыктаныруучу шам-чырактары, кечки маалда күйөрмандарга оюндарга күбө болуусуна шарт түзөт.

Ал эми стадиондогу жарыктандыруу системасынын, жана гибриддик оюн талаасыны орнолушу Кыргыз футбол биримдигинин күчү менен ишке ашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: