super.kg logo

Казакстандагы референдум: Добуш берүүгө келген 100 жаштагы аксакал бата берди (видео)

 

Бүгүн, 6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясы (АЭС) куруу маселеси боюнча республикалык референдум өтүп жатат. Казак БШКсынын саат 12:00гө (жергиликтүү убакыт) карата маалыматына ылайык, тизмеге кирген жарандардын ичинен 4 804 102и (39,23 пайыз) добуш берүүгө катышты.


Добуш берүү эртең менен саат 7:00дө башталган, саат 20:00гө чейин уланат. Учурда референдум тилкелеринде жарандар добуш берип жатат. Ага жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар көз салууда.

Казакстан БШКсынын маалыматы боюнча жалпы 10 323 референдум тилкеси ачылган. Анын ичинде 59 өлкөдө 74ү жайгашкан. Добуш берүүчүлөрдүн саны 12 миллион 244 миң 683тү түзөт.

Казакстандын БШКсынын секратары Мухтар Ермандын айтымында, референдумга 30 өлкөдөн 177 эл аралык байкоочу көз салат. Анын ичинде Европа биримдиги, АКШ, Азия, Шанхай Кызматташтык (ШКУ) уюмуна мүчө өлкөлөрдөн, КМШ, Түрк мамлекеттеринин биримдиги өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бар.

Референдумдун жүрүшүн чет өлкөдөн келген журналисттер жеринде чагылдырууда. Ал эми добуш берүүгө келген 100 жаштагы согуштун ардагери Нуркасым Ажитаев №750 референдум тилкесинде батасын берди.

Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү 27-августта жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлган. Бюллетенде жооптун эки варианты бар: "Ооба, макулмун" же "Жок, каршымын" деген.






Добуш берүүгө келген 100 жаштагы согуштун ардагери Нуркасым Ажытайулы бата берди.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: