super.kg logo

Дмитрий Бивол мурдагы аялынын айткандары боюнча алгачкы жолу үн катты

 

Мушкер Дмитрий Бивол экс-жубайы Екатеринанын чуулгандуу билдирүүлөрү тууралуу биринчи жолу билдирүү жасады.

Буга чейин Екатерина Бивол мурдагы күйөөсү алимент төлөбөй жатканын жана атаандашы Артур Бетербиевге бардык жаракаттарын айтып берген. Ал балдары менен Артур Бетербиевге жан тартарын кошумчалаган.

"Екатеринанын жүрүм-туруму акылсыздык. Акыркы айларда жасаган бардык иштери анын аял катары саналган баасын төмөндөттү. Бул маданияттын эң төмөнкү чеги жана анын айткандары буга чейинки ал жөнүндө белгилүү болгон нерселердин баасын кетирди. Ал биздин балдарды өзүнүн жалгыз куралы катары пайдаланып, менин каршылашыма колдоо көрсөтүп, мага жамандык каалап жатат. Бул аял менен көп жыл чогуу жүрдүк, эми бул арзан адам менен эч кандай мамилем жок. Адекваттуу адамдар анын чыныгы жүзүн түшүнүп, баарын көрүшөт деп үмүттөнөм", - деген Бивол "Фанат ММА" ютуб каналына берген маегинде.

Бетербиев–Бивол беттеши 12-октябрда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: