Эртеңки күнгө карата аба ырайы
Эртең, 8-октябрда өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.
Маалыматка ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25
Таласта түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22
Бишкек шаарында түнкүсүн +8…+10°, күндүз +23…+25° жылуу болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.