super.kg logo

Казакстандын талаасындагы ири өрттү өчүрүүгө 600дөн ашык адам, тик учактар ​​жана учкучсуз учактар тартылды

 

Караганды жана Павлодар облустарынын чек арасында ири өрт кырсыгы катталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, Караганды жана Павлодар облустарынын чек арасында 600дөн ашуун адам жана 110 даана техника өрттү өчүрүүдө.

«Өчүрүү иштерин катуу шамал, тоолуу рельеф жана өрткө кирүүчү жолдордун жоктугу татаалдаштырып жатат», - деп белгилейт ӨКМ.

Өрт өчүрүү иштерине жарандык коргонуу органдарынын жана жергиликтүү акимчиликтердин күчтөрү, каражаттары, ошондой эле аскер кызматкерлери тартылган. Аба чалгындоо бир нече учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен жүргүзүлүп, "Казавиаспас" жана Коргоо министрлигинин төрт учагы күйүп жаткан жерлерге суу таштоодо.

Акыркы маалыматтар боюнча өрттүн аянты 6 миң гектарга чейин көбөйгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү тургундарды эвакуациялоодо.

Ошондой эле өрттү өчүрүү учурунда төрт адам жабыркаган. Алар ооруканага жаткырылып, абалы туруктуу деп бааланууда. 33 жаштагы бир куткаруучу каза тапкандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгилей кетсек, өрттүн себеби 6-октябрда Караганда облусунун Каракаралы районунун Коянды айылына жакын жерде куураган чөп күйүп, жайылып кеткен. Кийинчерээк өрт Павлодар облусунун чек арасынан өтүп, Баянауыл мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын бак-дарактары жок аймагын каптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: