super.kg logo
  Спорт  

Дагы бир дүйнөгө белгилүү футболчу карьерасын жыйынтыктады

 

"Барселонанын" жана Испания курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу Андрес Иньеста 40 жашында профессионалдык карьерасын аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Белгилүү жарым коргоочунун карьерасындагы акыркы клубу Бириккен Араб Эмираттарынын "Эмирейтс" клубу болуп калды.

"Барселона" менен Андрес Иньеста тогуз жолу Испания чемпиондугун жана төрт жолу УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын утуп алган.

2010-жылы Иньеста Түштүк Африкада өткөн Дүйнө чемпиондугунда Испания курамасы менен чемпион болгон. Финалда ал Нидерланды курамасына жеңиш голун киргизген.

Андрес Иньеста – легендарлуу испаниялык футболчу, футбол тарыхындагы эң мыкты жарым коргоочулардын бири катары белгилүү. Ал өзүнүн карьерасынын көбүн "Барселонада" өткөрдү, ал жерде өзүнүн техникалык оюнунун стили, мыкты координациясы жана мыкты пас берүүсү менен клубдун символуна айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: