super.kg logo
  Саясат  

Депутат Ажибаев министрге калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөрдү жөнгө салууну тапшырды

 

Бүгүн, 8-октябрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөр жоюлбай жатканына нааразы болду.

Ал санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага комитеттен чыкканда Калкты тейлөө борборлоруна барып, ал жактагы акыбалды көрүүнү сунуштады.

"Мен жакында паспорт алганы бардым. Ичине кирсең коркосуң, адамдар ушунчалык тыгында турушат, кезектер аябай көп. КТБлардагы кызматкерлердин дагы элге кылган мамилесин жакшы калыпка келтириш керек болуп калды", - деди Ажибаев.

Кутнаева жакында "Түндүк" тиркемеси аркылуу аралыктан эле электрондук кезекке туруу ишке киргизилерин белгилеп, бир катар реформалар болорун убадалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: