super.kg logo

Жаркын эмоциялар жана унутулгус көз ирмемдер: Beelineдын үч кинокечеси кандай өттү

 

Абдан кызыктуу тасма, атмосфералык музыка жана ысык чай – жайлуу күзгү кечтен артык эмне болушу мүмкүн? Чүй областында биринчи жолу өткөрүлгөн Beeline кинокечелери дал ушунусу менен эсте калат.

Beeline Кыргызстан тарабынан Кара-Балта, Токмок жана Бишкек шаарларында уюштурулган ачык асман алдындагы кинокечелер өзүнө 2 000ден ашык көрүүчүлөрдү тартты. Маданий эс алууну жактыргандар үчүн бул иш-чара чыныгы майрамга айланды.

Режиссёр Максат Жумаевдин, «Чебер Production» студиясынын жана «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынын колдоосу менен коноктордун назарына «Жаным» аттуу ата мекендик тасма тартууланды. Чоң экранда көрсөтүлгөн окуялар көрүүчүлөрдүн эмоцияларын ойготуп, чыныгы сезимдерди пайда кылды.

Кеченин музыкалык бөлүгү да көрүүчүлөргө абдан жакты. Белгилүү аткаруучу Freeman 996 Кара-Балта жана Токмок шаарларынын тургундары үчүн «Жаным» тасмасынын саундтректерин жана башка хиттерди аткарып берди. Ал эми Бишкектеги кинокеченин катышуучуларын атайын конок AIHAN өзүнүн чыгармачылыгы менен кубандырды.

— Beeline кинокечеси адамдарды бириктирип, баарлашуу, жакшы маанай жана маданий өнүгүү үчүн мейкиндик жараткан дагы бир социалдык демилге болду. Ушул иш-чараны өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле биз, албетте, кино кечелерибиздин көркүн өздөрүнүн укмуштуудай энергетикасы менен ачып берген көрүүчүлөрүбүзгө чоң рахматыбызды айтабыз. Beeline ушундай иш-чаралар мүмкүн болушунча көп болушун жактайт.

Сиз Beeline кинокечесине катыштыңызбы? Анын кандай өткөнүн көргүңүз келеби? Өткөн иш-чаралардан фото отчеттор төмөнкү шилтемелер аркылуу жеткиликтүү:

Кара-Балтадагы кинокече

Токмоктогу кинокече

Бишкектеги кинокече

Бул мүмкүн! Бул Beeline!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: