super.kg logo
  Саясат  

Москвада КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында 14 документке кол коюлду (тизме) 

 
Бүгүн, 8-октябрда Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздук жаатындагы интеграциялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасына президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жалпы 14 документке кол коюлган. Алар:
- 2025-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
– Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элдерине жана дүйнөлүк коомчулукка совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу кайрылуусу жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын интеграциялык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ишмердүүлүгү жөнүндө;
– 2025-жылы Лачин шаарын (Азербайжан Республикасы), 2026-жылы Мегри шаарын (Армения Республикасы), 2027-жылы Молодечно шаарын (Беларусь Республикасы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттерге жиберилүүчү делегациялардын укуктук статусу жөнүндө Конвенция тууралуу;
– 2010-жылдын 10-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин адамдарды мамлекеттер аралык издөө жөнүндө Келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин 2025-2027-жылдарга дерадикализация жаатында кызматташуу программасы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2027-жылды укуктук агартуу жылы деп жарыялоо жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитеттин Төрагасы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин Антитеррористтик борборунун Жетекчиси жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын жарандык багыттагы жасалма интеллект жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө билдирүүсү;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин “Эмгек эрдигинин шаары. 1941–1945” ардак наамы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Грамотасы менен сыйлоо жөнүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: