super.kg logo

Рамзан Кадыровдун уулу чеченстандык мушкерлерге акыркы эскертүүсүн берди

 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу, республиканын спорт министри Ахмат Кадыров ММАга катышып жүргөн Чеченстандын мушкерлерине кайрылып, өз элин уят кылбоого чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм каналында билдирди.

"Сиздердин рингдин ичиндеги жана тышындагы иш-аракеттериңиздер, жүрүм-турумуңуздар элибиздин абийирине, биз карманган ишенимге доо кетирип жатат. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, айрымдарыңардын басма сөз жыйындарда, эл алдына чыгып сүйлөгөндө аша чаап кеткениңерди көрүп жатабыз. Ыплас сөздөрүңөр, уятсыз сөздөрүңөр жана жүрүм-турумуңар өзүңөрдү гана басынтпастан, бүтүндөй чечен элин, бүтүндөй мусулман коомчулугун шерменде кылып жатат", - деди ал.

Ал ошондой эле чеченстандык ММА мушкерлерине акыркы эскертүүсүн берди.

"Бул акыркы эскертүү. ММА боюнча мындай иш-аракеттериңерди токтоткула, анткени алар биздин салттарга жана баалуулуктарга карама-каршы келет. Болбосо конкреттүү чаралар көрүлөт. Бул жүрүм-турумга мындан ары чыдай албайбыз”, – деп эскертти Кадыров.

Ал мушкерлерге кандай чара көрүлөрүн тактаган жок.

Ахмат Кадыров 18 жашта. Ушул жылдын февраль айында ал Чеченстандын жаштар иштери боюнча министри болуп дайындалса, 21-майда республиканын дене тарбия жана спорт министри болуп дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: