super.kg logo

Садыр Жапаров почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда өлкөнүн почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жапаров почта кызматы кагазга кат жазып же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү заманбап санарип тейлөө кызматына же электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир доорду камтыган 145 жылдык узак жолду басып өткөнүн айтып өттү.

"Почта кызматынын тарыхы Орусия империясы менен СССР мезгилинен башталат. Мындан туура 145 жыл мурун азыркы Бишкек, мурдагы Пишпек шаарында биринчи почта бекети ачылган. Ошондон тарта алыскы аймактарды борбор шаарлар менен байланыштырууда, ошондой эле маалымат, посылка жеткирүүдө маанилүү каналга айланган. Совет доорунда почта инфратүзүмү активдүү өнүгүп, жер-жерлерде бөлүмдөрү кеңири ачылып, калкка почта кызматынын жеткиликтүү болушу бир кыйла жакшырган.

Кыргызстандын эгемендик жылдарында башка тармактардай эле почта кызматында дагы олуттуу өзгөрүүлөр башталган. Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, башка өлкөлөр менен эл аралык почта байланышын түзүүгө мүмкүндүк алган. Ошону менен катар почта кызматынын сапатын жогорулатуу жана анын кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү жаатында бир топ иш-аракеттер жүзөгө ашкан", - деген мамлекет башчы куттуктоосунда.

Жапаров "Кыргыз почтасы" Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында почтаны өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 98-орундан 29-орунга көтөрүлгөнүн баса белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчы өз сөзүндө бул тармактын 30 жылдыгы менен куттуктап, элдин аманатын жеткирүүдөгү ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү почта кызматкерлеринин ишине албан-албан ийгиликтерди каалады.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: