super.kg logo

Коңшу өлкөгө сатып жиберишкен. Кара-Сууда бир түндө 13 мал уурдаган шектүүлөр кармалды

 

Кара-Суу районунда бир түндө 13 баш мал уурдаган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Ош ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-октябрь күнү милицияга Датка айыл аймагынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 4-октябрга караган түнү талаада байланып турган 7 баш малын жоготконун айткан. Ушул эле күнү дагы 1 жаран арыз менен кайрылып, 6 баш малын жоготконун билдирген. Жабырлануучулар болжолдуу 800 миң сом зыян тарткан.

Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Сузак районунун 28 жаштагы жана Кадамжай районунун 24 жаштагы тургундары кармалышып, камакка алынышкан.

Милиция шектүүлөр уурдалган малдарды коңшу өлкөгө сатып жибергенин аныкталганын, учурда алардын башка кылмыштарга дагы тиешеси бар-жогун аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: