super.kg logo
  Саясат  

№1-тергөө абагынын кызматкерлери "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарына А.Юсупов тарабынан түшкөн коркутуулар тууралуу айтышты

 
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Асия Сасыкбаева, Ташполот Балтабаев, Сайдулла Нышанов жана Акуналы Досалиев
Бүгүн, 30-декабрда “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын депутаттары №1 тергөө абагында болуп, кызматкерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев аталган тергөө абагында камалган Раушан Рыкунованын жазган арызынын негизинде келишкендигин билдирди. 
Анда кызматкерлер кадр маселелери да Абдулла Юсупов аркылуу чечилерин айтышты.  Тергөө абагынын мурдагы жетекчиси Марс Жусупбеков ага Юсупов бир нече жолу кайрылганын жана коркутуп-үркүтүүлөр болгонун кошумчалады. Ошондой эле А.Юсуповго кыздар киргизилип турганын тастыктады. 
Мекеменин мурдагы кызматкери Рыскулбек уулу Тыныбектин айтымында,  К.Качкыналиев Д.Оморов менен А.Юсупов отурган жерге киргизүү жана бул тууралуу жетекчиликке айтпоону буюрган. 
Абдулла Юсупов менен Дастан Оморов 2010-жылкы апрелдеги талап-тоноолор боюнча кылмыш ишинде өтүп жатышат. 
Тергөө абагынын дагы бир кызматкери тиешелүү мыйзамдар так аткарылышын камсыз кылуу зарыл экенин белгилеп, мекеме кызматкерлеринин сунуш-пикирлерин сураган эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: