super.kg logo
  Саясат  

Сүлүктү шаарында "Бөрү" атайын багыттагы аскердик бөлүгү ачылды

 
Бүгүн,12-октябрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 2051 аскердик шаарчасын ачылды. Ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышканын анын жардамчысы билдирди.
Маалымдалгандай, "Бөрү" атайын багыттагы аскердик бөлүгү аскерлердин кызматы жана жашоосу үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар менен камсыздалган.
Атайын кызматтын башчысы аскер шаарчасындагы бардык шарттар менен таанышып чыкты жана жеринен тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Алдыда бул "Бөрү" аскердик бөлүгүн дагы да максималдуу жакшыртуу аракеттери көрүлөөрүн айтты.
КамчыбекТашиев "Бөрү" атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн курулган турак жайын да көрүп чыкты. Аскерлердин үй бүлөлүк жашоо шарттарын жакшыртуу ишине мындан ары да өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.
"Бөрү" атайын багыттагы аскер шаарчасында аскердик штаб, ашкана, жатакана, спорт комплекси, мончо, эс алуу жайлары жана башка чек араны коргоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап каражаттар менен камсыздалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: