Артур Бетербиев талаштуу беттештен кийин Дмитрий Биволго жаңы кайрылуу жасады
Орусиялык мушкер Артур Бетербиев Дмитрий Биволго Сауд Арабиядагы беттеши үчүн ыраазычылык иретинде кайрылуу жасады.
"Эр-Рияд, меймандостугуң үчүн рахмат! Беттеш учурундагы атмосфера, даярдык үчүн шарттар – баары эң жогорку деңгээлде болду. Дмитрий, мыкты беттеш үчүн рахмат. Мен үчүн кызыктуу болду.
Жакында Сауд Арабиясына кайтып келем деп үмүттөнөм", - деп жазды Бетербиев Телеграм каналына.
13-октябрга караган түнү Эр-Риядда жарым оор салмактагы абсолюттук дүйнөнүн чемпиону наамы үчүн беттеш өтүп, калыстардын чечими менен Бетербиев жеңишке жетти. Биволдун менеджери Вадим Корнилов мушкердин командасы дүйшөмбү күнү 116-112 эсебинде Бетербиевдин жеңишин жазган калыс Павел Кардынинин чечимин талашууну пландап жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.