super.kg logo

"Улуттук электр тармагы" ишканасынын жетекчисинин орун басары үй камагына чыкты

 

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Аскат Абылаев үй камагына чыкты. Маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту 8-октябрда Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн арызын канааттандырып, ал 2-декабрга чейин үй камагына чыгарылган.

Буга чейин ИИМ ишкана жетекчилиги электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда коррупциялык схемаларга аралашканга шектелип жатканын билдирген.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсынын кызмат адамдары "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамды одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип бир гана тендер боюнча 25 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды", - деп жазылган маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, Абылаев шектүү делип убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: