super.kg logo
  Спорт  

Бразилиянын президенти атактуу футболчуларды улуттук курамадан кетирүү керектигин айтты

 

Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва футбол боюнча улуттук курама командадан Винисиус Жуниор, Эндрик, Родриго сыяктуу Европада ойногон оюнчуларды улуттук курамадан кетирүү керектигин айтты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Ал футбол боюнча Бразилия улуттук курама командасы жалаң гана Бразилиянын ички чемпиондугунда ойногон футболчулардан куралышы керектигин баса белгилеген.

"Чет өлкөдө ойногондор бул жакта ойногондордон артык эмес. Мен көптөн бери Бразилияда ойногондорду улуттук курамага чакырыш керек деп айтып келем. Чет өлкөдөн келген оюнчуларга эмес, өзүбүзүн чемпиондукта ойногондорго мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бул жерде жаш оюнчулар бар, бирок жылдыздар жок", - деген Бразилиянын президенти.

Президент бразилиялыктар 2:1 эсебинде араң утуп алган Чили менен болгон беттеште дарбазачы Эдерсонду, коргоочу Маркиньосту, ошондой Родриго менен Рафиньяны чач жасалгасынан тааныганын кошумчалады.

"Мен калганын тааныган жокмун, андай болбошу керек", - деген Лула да Силва.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: