super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курал-жарак сатууга шектүү кармалды

 

Бишкекте курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга шектүү жаран кармалды. Бул жөнүндө Бишкек ШИИББи бүгүн, 14-октябрда маалымдады.

Милицияга ок атуучу куралдары жана ок-дарыларды алып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Бишкек милициясына катталып, териштирүү иштери башталган.

Ага удаа “Бандит” аталышындагы алдын алуу иш-чараларынын алкагында Чүй проспектиси менен Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри 70 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анда ИИМдин каттоосунда турган, мурда соттолгон, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон Т.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Жогорудагы автоунааны тинтүү учурунда сайсыз ок атуучу курал, 2 даана гранатасы бар барсетка, 5,45 калибрдеги 30 даана ок-дары, эки 9 мм калибрдеги ок-дары, 2 даана бычак жана 6 даана уюлдук телефон табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (Курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголгон. 29 жаштагы шектүү Т.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: