super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Спортту өнүктүрүү зарыл, ал жеңишке карата эркти бекемдейт"

 
Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 30-декабрда машыктыруучу Сергей Паустов баштаган таэквондо боюнча спорт чеберлери – Азия чемпиондугунун сыйлык ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 
Өмүрбек Текебаев спортчуларды Азия чемпиондугуна ийгиликтүү катышып, сыйлыктуу жана сыймыктуу орундарды жеңип алышы менен куттуктады. 
"Спортту өнүктүрүү зарыл, ал адамдын жеңишке карата эрки менен мүнөзүн бекемдейт. Көптөгөн спортчулар кийин айтылуу саясатчылардан, белгилүү ишкерлерден болуп жатат. Социалдык-маданий тармакты каржылоо экономикага жараша болот. Бирок спортко өзгөчө мамиле кылуу зарыл", - деди ал. 
Ал эми машыктыруучу  Сергей Паустов өз тарбиялануучуларынын ийгиликтери тууралуу учкай сөз кылды. Анын айтымында, биздин спортчуларыбыз Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышууга даяр, бирок баягы эле каржы маселеси жолтоо болуп жатат. Мындан сырткары элет жергесинде жашаган өспүрүмдөрдүн спортко катышууга мүмкүнчүлүгү жок экенин өкүнүч менен билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: