super.kg logo
  Саясат  

"Талтайбагыла да, эй!" Балбак Түлөбаев парламентте өкмөттүн өкүлүн зекиди

 

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдөгү таза суу объектилери бүтпөй жатканына нааразы болду.

Эл өкүлү Дархан, Кызыл-Суу, Бөкөнбаев айылдарын таза суу менен камсыздоо ишке ашпай жатканын айтып, качан бүтөрүн сурады. Ага Айыл чарба министрлигинин өкүлү Дархандагы таза суу объектисинин жарымы министрликте, жарымы Мамкурулушта экенин айтты.

“Бул атам экөөбүзгө бир аял деген сөз. Жарымы Мамкурулушта калган, жарымы Айыл чарба министрлигине келген дегени кандай? Талтайбагыла да, эй! Ары же бери болгула да!” - деди Түлөбаев.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: