super.kg logo
  Саясат  

Билим берүү министрлигине кошумча англис тили сабагын окутуу сунушталды

 

Бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Рустам Советбек уулу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага мектеп окуучулары үчүн атайын кошумча англис тили сабагын киргизүүнү сунуштады.

"Учурда англис тили сабагы мектеп окуучуларына да, студенттерге да аябай керек болуп жатат. Баарыбызга маалым болгондой эле студенттер окууну бүткөндөн кийин Европага чыгып жатышат. Ошого мугалимдердин айлыгынан сырткары кошумча кружокторду киргизүүңүздөрдү сунуштайт элем да", - деди эл өкүлү.

Анда министр Кендирбаева: "12 жылдык билим берүүдө 10-11-класстын окуучулары үчүн атайын тереңдетилген сабактар окутулат. Анда окуучу бир багытты тандап окуй алат", - деп жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: