super.kg logo
  Саясат  

КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашова кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады

 
КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашова кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады. 
Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Куттуктоонун тексти:
"Кымбаттуу кыргыз элим! Урматтуу кыргызстандыктар жана өлкөбүздүн меймандары! Сиздерди жаркырап кирип келе жаткан Жаӊы 2014-жылы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! 
Жаӊы жыл бул үй-бүлөлүк жаркын майрам болгондуктан, жаӊырган жылда бардык үй-бүлөнүн коломтосуна кут конуп, үйдө кичинекей наристелердин күлкүсү жаӊырсын. Төрүңүздөрдү ардактуу карыялар ээлесин. Дасторкон кенен жайылып, ырыскы коштосун! 
Кыргыз Республикасы жаш мамлекеттердин катарында болгону менен, башынан кандай гана кыйынчылыктарды өткөрбөдү. Ошого карабастан бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан реформалар аркылуу өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз деген үмүт үзүлбөйт. Элибиз менен бирге баарыбыз бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып аракет кылсак, бардык кыйынчылыктарды жеӊерибизге толук ишенем. 
Жаӊы жылда өлкөбүздүн экономикасы өсүп, жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак болуп, жүрүп жаткан сот процесстери аягына чыгып, жүрөк өйүткөн маселелер адилеттүү чечимге ээ болушсун, бардык аруу тилектериӊиздер ишке ашсын. 
Сиздерге биринчиден бекем ден соолук, узун өмүр, иштегендерге ишиӊиздерге мындан аркы албан-албан ийгиликтерди, окугандарга тереӊ билимди, үй-бүлөлүк бакытты, бакубат турмушту каалайм. Жаңы жылыңыздар менен!





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: