super.kg logo

Ырчы Айдана Дека "Маданияттын мыкты кызматкери" болду

 

Ырчы Айдана Дека "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлык кечээ, 15-октябрда маданият министри Алтынбек Максүтовдун буйругу менен ыйгарылган.

"Бир канча жылдан бери тынымсыз эмгектенип, чет өлкөдө кыргыз желегин желбиретип, бир канча статуэтканы өз мекениме алып келдим. Жаштарга үлгү болуп, бий жаатын өнүктүрүп, бий мектебин ачып миң деген окуучуларды окутуп, 100дөн ашык кыздарды сахнага алып чыгып, конкурстарга катыштырып, азыркы убакытта бийчи кыздарым өзүнүн мектептерин ачып улантып жаткан учуру. Көптөгөн концерттерди Бишкек шаарына берип, жети облуска эле эмес, Москвадагы мекендештерге дагы тартуулап кыргыз маданиятына салым кошуп келдик.

Дагы да болсо эмгектене беребиз, көп ийгиликтерге Кудайым жеткизсин. Ар дайым колдоп келген кыргыз элиме ыраазычылыгымды айткандан тажабайм!" - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы кош жылдыздар Аваз Акимов менен Айдана Декага Улуттук маданий борбордун Ардак грамотасы тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: