super.kg logo
  Саясат  

SUPER.KG порталынын колдонуучулары Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

 
SUPER.KG порталынын колдонуучулары Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясында 7 баласынан ажырап жесир калган Насыйкат Ажибаева жана анын небересине жардам көрсөтүштү
Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясында тартуу кылынган белектер
SUPER.KG порталынын колдонуучулары Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясын Баткен облусундагы Үч-Коргон айылындагы балдар үйүндө өткөрүштү
Баткен облусундагы Үч-Коргон айылындагы балдар үйүндөгү Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясынан көрүнүш
Баткен облусундагы Үч-Коргон айылындагы балдар үйүндөгү Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясын уюштурган форумчулар
SUPER.KG порталынын колдонуучулары 28-29-декабрь күндөрү Жаңы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектер берилип, майрамдык маанай тартууланган. 
Уюштуруучулардын бири Нурадыл Кудайбердиев кайрымдуулук акцияларына порталдын колдонуучулары өз ыктыяры менен катышышканын билдирди.
“Акцияны майрам алдында балдарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурдук. Буга чейинки акциябызда Таластагы баласы оорукчан, аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам бергенбиз. Бул жолу Баткен облусундагы Үч-Коргон айылындагы балдар үйүнө белек берүү үчүн акча каражатын котордук. Кайрымдуулук акциясында чакан болсо да майрамдык белек, кийим-кече тартууладык”,- деди ал. 
Мындан сырткары кайрымдуулук үчүн каражаттар чет өлкөдөгү мекендештерден да бөлүнүп турарын кошумчалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: