super.kg logo
  Саясат  

Арзыбек Кожошев "IRF-2024" дүйнөлүк конгрессине катышты

 

Түркиянын Стамбул шаарында Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан жол тармагындагы мобилдүүлүктү кеңейтүү боюнча Дүйнөлүк конгресс уюштурулду. Анда Евразия экономикалык бирлигинин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев транспорттук системаларды туруктуу өнүктүрүү маселесин айтты. Бул туурасында кечээ, 15-октябрда мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министр конгресстин катышуучуларына евразиялык мейкиндикте транспорт тармагындагы негизги интеграциялык жетишкендиктер жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле транспорт ишмердигине санариптик чечимдерди киргизүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана жол тармагын өнүктүрүүгө дем берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Жыйындын алкагында бул маселе боюнча Түркиянын транспорт жана инфротүзүм министри Абдулкадир Уралоглу менен да жолугушту.

Анда Арзыбек Кожошев өнөктөш мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүү компетенцияларды сактоого, тажрыйба алмашууга жана транспорттогу тоскоолдуктарды азайтуу боюнча натыйжалуу иш алып барууга мүмкүндүк бере тургандыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: