super.kg logo
  Саясат  

Борбордук аянтта Жаңы жыл майрамы ырчылардын катышуусунда белгиленди (Фоторепортаж)

 

Бишкекте бүгүн, 31-декабрда Жаңы жыл майрамы белгиленүүдө. Шаар тургундары жана конокторуна Аяз ата менен Аяз кыз концерттик программаны куттуктоо сөзү менен ачып беришти. Алар кыргыз элине тынчтык, бейкуттукту каалап, мындан ары куттуктоо үчүн Казакстандын элине барарын айтышты.

"Жаңы жылыңыздар менен, урматтуу калайык калкым! Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайбыз!" деп өз сапарын улантышты. 

Ал эми борбордук аянтта эл менен кошо кыргыз эстрадасынын ырчылары, "Кыргыз руху" фольклордук ансамбли, "Сувенир" ыр-бий ансамбли, КРнын Эл артисти Үмүт Тилегенова, мэриянын алдындагы №4 -чыгармачыл балдар мектеби, ошондой эле "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жыл жаңырыгы" наамынын ээси Алтынай Нарбаева жаңы жылдык маанайда майрамды улай жагымдуу чыгармаларды аткарышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: