Шаардагы Жаңы жылга карата жасалгаланган троллейбустар жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулашууда







Бишкекте бүгүн, 31-декабрда Жаңы жылга карата жасалгаланган “Мыкты троллейбус” сынагы жыйынтыкталды. Ага катышкан айдоочулар 20-декабрдан баштап троллейбустарды жасалгалашкан. Экинчи орунду алган №9-троллейбустун айдоочусу кубанычын жашырган жок.
“Биринчи орунду алам деп ойлогом. Ошентсе да сүйүнүп жатам. 1-орунга 7 миң сом, 2-орунга 5 миң сом, 3-орунга 3 миң сом берилет. Атайын комиссия текшерип жеңүүчүлөр аныкталды. 2 жылдан бери троллейбус айдап жүрөм. Жумушум өзүмө абдан жагат”,- деди Базаркулова Кымбат.
Жүргүнчүлөргө майрамдык маанай тартуулаганын шаар тургундары да белгилеп өтүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
7

