super.kg logo

Түндүк Корея чучхе календарын колдонууну токтотот

 

Түндүк Кореянын бийлиги республиканын биринчи лидери Ким Ир Сендин туулган күнүнөн баштап эсептелинген чучхе календарын колдонууну токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Айрым жергиликтүү маалыматтар бул Түндүк Кореянын учурдагы лидери Ким Чен Ындын жеке инсанга сыйынуу культун түзүү аракетинин бир бөлүгү экендигин жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, Түндүк Кореянын башкы гезити "Нодон синмун" 13-октябрдан тарта чечхе календарын колдонууну токтоткон. Ошол эле учурда булак Түндүк Кореянын бийликтери календарды заматта жок кылуунун ордуна акырындык менен өзгөртүүнү сунуштады.

Чучхе календары 1997-жылы, Ким Ир Сен каза болгондон үч жылдан кийин кабыл алынган. Календарь 1912-жылды баштапкы чекит катары (Ким Ир Сендин туулган жылы) алган жана григориан календары менен бирге колдонулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: