super.kg logo
  Саясат  

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга толуктоо киргизилди

 

2013-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул туурасында КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 31-декабрда билдирди. 

Ал мыйзам 2013-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Анда мыйзамдын 14-беренеси төмөндөгүдөй мазмунда толукталган:

“Өкмөттүн ачык жыйналышынын видео жана аудио жазып алуулары толук көлөмдө кыскартылбастан жыйналыш  өткөрүлгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде өкмөттүн расмий сайтына же болбосо өкмөттүн расмий сайтына шилтемелерди берүү менен видеопорталдарга жарыяланат. Өкмөттүн жыйналышынын видео- жана аудио жазып алууларын  белгиленген мөөнөттө жарыялоо мүмкүнчүлүгү болбогондо өкмөттүн аппараты жазып алуулар жарыялана турган мөөнөтү жөнүндө маалымат жарыялайт”.

Конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: