super.kg logo

Казакстандагы 16 жаштагы баланын өлүмү: Талгар облусунун прокуратура кызматкерлери кызматтан алынды

 

Казакстандын Башкы прокурорунун 18-октябрдагы буйругу менен Алматы облусунун прокурорунун орун басары С.Бакиров жана Талгар районунун прокурору Э.Бекманов ээлеген кызматтарынан бошотулган. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, алардын кызматтан бошотулуусуна кылмыш процессинин мыйзамдуулугун көзөмөлдөө ишинде олуттуу кемчиликтердин болушу негиз болгон.

Буга чейин, Казакстандын Талгар районунун акиминин аппарат жетекчиси Аслан Касымбаев ээлеген кызматынан бошотулуп, Талгар районунун акими Танат Айдарбеков жана анын орун басары Айбек Бидаев дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Эске салсак, 13 адамдан турган топ ичимдик үчүн талгарлык Шерзат Болотту сабап, бычактап кетишкен. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Ошондой эле 12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: