super.kg logo

G7 өлкөлөрү Украинанын НАТОго кошулушун колдошту

 

Чоң жетиликтин коргоо министрлери Украинанын толук европалык интеграцияга, анын ичинде НАТОго мүчөлүгүн колдошту. Бул тууралуу Неаполдогу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин билдирүүсүндө айтылды.

"Биз Украинанын эркиндигин, эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн зарыл болгон убакытка чейин колдообузду дагы бир жолу ырастайбыз. Биз ошондой эле Украинага жардам көрсөтүүнү, анын ичинде аскердик жардамды кыска жана узак мөөнөттүү берерибизди баса белгилейбиз", - деп айтылат министрлердин биргелешкен билдирүүсүндө.

Италиянын төрагалыгы астында өткөн G7 саммитине Америка Кошмо Штаттары, Канада, Улуу Британия, Франция, Германия жана Япония катышты. Мындан тышкары, Неаполдогу сүйлөшүүлөргө Евробиримдиктин, НАТОнун өкүлдөрү жана Украинанын коргоо министри Рустем Умеров да катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: